Жактоочу Замир Жоошев 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларда жаракат алгандар жардамга муктаж экенин айтып, жабырлануучулардын биринин көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөгүндө калып калганын далилдеген рентген сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасында жазган.
"Бул 5-6-октябрда жаракат алгандардын биринин рентген сүрөтү. Бир көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөктө такалып калган. Окту Кыргыз өлкөсүндө ала алышпайт экен. Операцияны чет жакта гана жасоо керек. Бирок анын буга каражаты жок. Жабырлануучуга кантип жардам бере алабыз?", - деп жазган Замир Жоошев.
Бул боюнча жактоочуга байланышып төмөндөгүдөй маалымат алдык.
"Бул рентген сүрөттү башка жабырлануучудан алдым. Баш сөөгүнүн ичинде ок калып калгандар учурда экөө. Буга байланыштуу жабырлануучуларга тез арада операция жасоо зарылдыгы бар. Мындай операция Орусияда жасалат экен. Бирок жаракат алган балдар каражаты жок бара албай жатышат. Негизи эле 5-6-октябрдагы окуяларда жаракат алгандар жалпысынан 600-700 адамдай болот. Анын 100дөй кишиси оор жаракат, ал эми 30дай киши өтө оор жаракат алган. Дагы бир бала алган жаракатынан улам бутунда 10 сантиметрдей сөөгү жетишпейт экен. Ага операция жасоого 32 миң евро керек деп жатышат. Октябрь айындагы митингден жабыркап калгандардын баарына жардам берсек жакшы болот эле" , - деди Жоошев.