Каңырыгы түтөп, айласын таппай өлүкканада баласына жасалчу экспертизаны күтүп турган атага ашыкча суроо бере албай, айтып бергенин уктук.
"6-ноябрь күнү балам Бишкектин Кудайберген базарынан Гольф унаасын айдап, машинанын тетиктерин бир саатта алып келе калам деп үйдөн чыгып кеткен. Түшкө чейин телефону иштеп жатты, бирок биздин чалуубузга жооп берген жок. Түштөн кийин эле өчүп калды. Жаман ойлогон жокпуз, күтүп отурдук. Буга чейин антип жоголуп же дайынын билдирбей жүргөн учуру болгон эмес. Достору менен жүрөт дегендей кылдык. Кеч кирди. Досторуна чалып, акыры Ленин РИИБине келип арыз жаздык.
Түнкү саат 3кө чейин тергөөчү менен отурдук. Бирок майнап чыккан жок. Эртеси шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынына келип, балам жол кырсыгына кабылып, унаасы айып короосунда экенин билдик. Көрсө, түндө эле кызматкерлер унааны атайын программага сала койгондо дайыны билинмек экен. Кызматкерлердин билбестигинен биз жол кырсыгы тууралуу кеч билип калдык.
Баламдын унаасын жолдо башка унаа жөөлөп кетиптир, артынан балам кубалайт. Анан жөө өтмөккө келгенде маршруттук такси келип токтоп, анын артынан чыккан жүргүнчү баланы байкабай, тигил унааны кубалайм деп сүзүп алыптыр. Жабырлануучу бала азыр жакшы. Операция кылдырдык, ата-энесинин доосу жок. Алар деле балаңар аман табылып калсын, башкысы балабыз аман калды деп сүйлөшкөнбүз.
Ал эми милиция кызматкерлери баламды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, андан кийин наркология борборуна алып барганбыз. Андан кийин качып кеткен деп айтышты. Анан өзүбүз издеп баштадык. Андан кийинкиси түшүнүксүз болуп калды. Анан 21-ноябрь күнү сөөгү табылды. (ыйлап)
Маркум 12-декабрда 19 жашка толмок.
"Баламдын ойлору абдан жакшы болчу. Кылбаганды кыла турган бала эле. Балам өзү окуп, контрагын өзү төлөп, жада калса инилерине да жардам берчү. Өзүмдүн 3 уул, бир кызым бар. Мен баламды жоготкон ата катары бул иш акыйкат жана дыкат текшерилүүсүн каалайм. Себеби, азыр бул окуя суицид - деп айтылып жатыптыр. Бул эч качан суицид эмес. Сүрөттү болсо көрдүңөр, кантип ушул өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенсе болот. Балам тентек же ушундай иштерди кыла турган бала эмес болчу. Андыктан мен акыйкаттыкты күтөм. Азыр эми ИИМ, Чүй ОИИББи ишти өз көзөмөлүнө алышыптыр. Мен алардан дагы суранып кетем, баары кылдат текшерилип чыксын", - деп сөзүн аяктады, маркумдун атасы.
Ал ортого баланын агасы кошулду: "Иним 9-класстан кийин Бишкек унаа-жол колледжин бүтүрүп, улантуу үчүн Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетине тапшырып, окуп жаткан. Айла жок, ушундай ажалга кабылды. Азырынча эч нерсе айта албайбыз. Себеби органдар териштирип жатышат", - деди ал.