Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган.
Кечээ, 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына административдик соттон билдиришти.
23-ноябрда акын Темирлан Ормуков "Текебаев эми депутат эмес, мен соттон уттум" деген билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.