Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасындагы негизги оюнчулардын бири болгон Тамирлан Козубаев кыздуу болду. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Эми биз ата-энебиз" деп жазып калтырган Козубаев.
Тамирлан Козубаев 2019-жылдын январь айында Эльзада аттуу айымга баш кошкон. Учурда футболчу Индонезиянын "Персита Тангеранг" клубунда ойноп келет.