Бишкекте зордуктоо кылмышына шектелип 3 адам кармалганын 30-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. Милицияга шаардын 19 жаштагы тургуну Т.Д. арыз менен кайрылып, 28-сентябрда саат 00:30 чамасында 10-кичи райондогу үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар тарабынан зордукталганын айтыптыр. Кылмыштын изи сууй электе Нарын облусунун 23 жаштагы Б.Ж., 21 жаштагы К.Ж. жана 25 жаштагы З.З. аттуу тургундары колго түштү. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.