Бүгүн, 25-ноябрь күнү түндө Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өттү. Анда 4 тайпадагы 16 команда ойноду.
Оюндардын тизмеси: "Е" тайпасы: "Ренн" (Франция) - "Челси" (Англия) (1:2);
Голдор: Хадсон-Одои (22-мүнөттө), Серу Гирраси (22-м), Оливье Жиру (90-м).
"Краснодар" (Орусия) - "Севилья" (Испания) (1:2);
Голдор: Иван Ракитич (4-м), Вандерсон (56-м), Эль Хаддади (90-м);
"F" тайпасы: "Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Брюгге" (Бельгия) (3:0);
Голдор: Эрлинг Холанн (18,60-м), Жейдон Санчо (45-м).
"Лацио" (Италия) - "Зенит" (Орусия) 3:1;
Голдор: Чиро Иммобиле (3, 55-м), Марко Пароло (22-м), Артём Дзюба (25-м).
"G" тайпасы: "Динамо Киев" (Украина) - "Барселона" (Испания) 0:4;
Голдор: Сержиньо Дест (52-м), Мартин Брэйтуейт (57,70-м), Антуан Гризманн (90-м).
"Ювентус" (Италия) - "Ференцварош" (Венгрия) (2:1);
Голдор: Криштиану Роналду (35-м), Мюрто Узуни (19-м), Альваро Мората (90-м).
"Н" тайпасы: "Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Истанбул Башакшехир" (Түркия) (4:1)
Голдор: Бруну Фернандеш (7,19-м), Маркус Рэшфорд (35-м), Дэниз Тюрюч (75-м), Дэниэл Жеймс (90-м),
"ПСЖ" (Франция) - "Лейпциг" (Германия) (1:0);
Голдор: Неймар (11-м).
Муну менен орусиялык командалар "Зенит" менен "Краснодар" алдыда дагы 2 оюн бар экенине карабастан тайпалык баскычтан чыга алган жок. Ал эми, атактуу футболчу Криштиану Роналду өз үйүндөгү оюндарда 70-голун киргизип аргентиналык футболчу Лионель Мессинин рекордун кайталады.