super.kg logo

Орусия Кыргыз өлкөсүнө 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт

 
Орусия Кыргыз өлкөсүнө 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Бишкектеги элчилиги билдирди.
Маалым болгондой, гумжардамды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 25-ноябрда өтөт.
"Орусия тарабынан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, жалпы баасы 8 миллион долларды түзгөн 9000 тонна ун жана өсүмдүк майы даярдалды. Азык-түлүктөр 25-ноябрда өткөрүлүп берилип, андан ары республиканын бардык аймагындагы жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөргө таратылып берилет. Долбоор Бириккен улуттар уюму менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
Орусия Кыргыз өлкөсүнүн башка долбоорлорун да каржылоону улантат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159281;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: