"Бакай Банктан" акция: 22 пайыз менен насыя карталары. Күрөөсүз!

"Бакай Банк" өзүнүн ишмердүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата акция жарыялады. Анда 2020-жылдын декабрь айында кредиттик карталар 26% эмес 22% менен берилет! Насыя картасы - бул сиздин 5 жолку маянаңыз салынуучу карта жана ал ар дайым жаныңызда.

Кредиттик картадагы насыя 2 жылга берилет. Ал үчүн документтерди чогултуунун жана банкка кайрылуунун кажети жок. Тез арада акча керекпи? Анда каражатты картадан алып алыңыз же сатып алууларды терминал аркылуу ишке ашырыңыз.

Насыя карталарынын артыкчылыктары:

  • Болгону бир гана жолу документ топтоп, 2 жылдык мөөнөткө насыя ала аласыз;
  • Колуңузда дайыма акча бар. Чукул кырдаал жаралып, акча керек болуп калса сизге банкоматка баруу гана талап кылынат;
  • Пайыздар акчанын колдонулган бөлүгүнө гана чегерилет, ал эми сарпталбаган каражатка төлөбөйсүз;
  • 50 миң сомго чейинки насыя каражатын алуу үчүн күрөө да, кепил да талап кылынбайт. Кепилдик берүүчү адам 50 миң сомдон жогорку сумманы алганда гана керек.
  • Насыяны төлөөнү "Bakai24" банкинги аркылуу ишке ашыра аласыз;
  • Насыяны кандай максатка керектей турганыңызды ачыктоо талап кылынбайт, каражатты эмнеге сарптоону өзүңүз чечесиз;
  • Насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн айып жазылбайт;
  • Насыя картасын Элкарт же Visa (Classic, Gold, Infinite) түрүндө ачып, төлөм системдеринин бардык артыкчылыктарын пайдалана аласыз.

Акция менен берилүүчү картаны кимдер ала алат?

Акциянын шарттарына ылайык, физикалык жактар, "Бакай Банктын" карталары боюнча айлык акы алган адамдар, патенттин негизинде иштеген, жеке ишкерлер картага ээ боло алышат. Мындан тышкары жеке ишкерлер кредиттик картаны паспорту менен белгиленген лимиттеги сумманы ала алышат.

Акция тууралуу кеңири маалымат жана керектүү документтердин тизмеси менен "Бакай Банктын" сайтынан тааныша аласыз.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү номерлерге байланышыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан