Хабиб Нурмагомедовдун апасы ага Жастин Гэйтжини урба деп айткан

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов "UFC 254" турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжиге каршы беттешерде аны апасы урбай, муунтуп ут деп айткан. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен болгон беттештин видеосуна "Аны урба, беттешти узартпастан аны жыгып алып, муунт деп апам айткандай", - деп жазган Нурмагомедов.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Almazhhhh
2020-11-25 16:43:24
Фёдор Емельяненкодой болуп кетсен барбы,алар унчукпай эле басып журушот го.
+4
Baatirbek81
2020-11-25 17:43:46
Апасы жайла бетке десе бетке урмак окшойта!
0
aizbek
2020-11-25 21:57:50
Урбай уктат деген окшойт да
+1
bayern-munchen
2020-11-26 00:11:37
Дагестер деле [moderated]дан айырмасы жок мелоч калк экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан