Каракол шаарында бир суткада 12 мас айдоочу кармалды
Текшерүү учурунда 29-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 12 мас айдоочу кармалды. Муну ОИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирет. “Бардык аныкталган фактылар боюнча административдик протоколдор түзүлүп, тийиштүү чара көрүлүүсү үчүн сотко өткөрүлүп берилди”,- деди ал. Мас айдоочулардын көпчүлүгү тойлордон жана мал базардан кайтып келе жаткандар болушкан.