Футбол легендасы Диего Марадона каза болду

Дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадона бүгүн, 25-ноябрда каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын "Наполи" командасынын жана Аргентина курамасынын мурунку оюнчусу Марадонанын жүрөгү күтүүсүздөн сокпой калган.

11-ноябрда Марадона ооруканадан чыгарылган. Экс-футболчуга гематома боюнча операция жасалган. Марадона ооруканадан чыккандан кийин, алкоголго көз карандылыкты дарылоо үчүн клиникага жеткирилгени белгилүү болгон.

Диего Марадона акыркы жолу 30-октябрда өзүнүн 60 жылдыгына арналган Аргентина чемпионатынын 1-турунун алкагындагы "Гимнасия Эсгрима" жана "Патронато" командаларынын ортосундагы беттеште көрүнгөн. Ал ден соолугу начар экендигин айтып, оюнду толук көргөн эмес. Кийинчерээк анын Буэнос-Айрес шаарындагы ооруканага жаткырылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Eka.kg
2020-11-25 23:09:14
Баары үчүн рахмат, легенда!
+16
Eka.kg
2020-11-25 23:12:02
Thanks for everything, legend!
+14
Almazhhhh
2020-11-25 23:37:22
Вечная память челавеку!
+9
Almazhhhh
2020-11-25 23:41:41
Прощай Марадона!ты был легендо мирового футбола!!!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан