"Асманда кайрадан футбол ойнойбуз". Дагы бир легендарлуу футболчу Пеле Марадонанын каза болушу боюнча үн катты

Футболдун дагы бир легендасы, 80 жаштагы бразилиялык футболчу Пеле Диего Марадонанын каза болушу өтө оор тийгенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бүгүн мен кымбат досумдан, ал эми дүйнө жүзү улуу легендасынан айрылды. Досторду ушинтип жоготуу өтө кайгылуу. Качандыр бир күнү биз Марадона экөөбүз кайрадан асманда футбол ойнойбуз”, - деген Пеле.

Аргентиналык футболчу Диего Марадона 25-ноябрда Буэнос-Айрес шаарында жүрөгү күтүүсүздөн сокпой калып каза болгон.

Англис тилин 2-расмий тил кылуу сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZALKARBEK.84
2020-11-26 10:13:06
Кош бол легендарлуу Марадона. Мен кичине кезимде футболкамдын артына 10 MARADONA деп акам жазып бергени эсимден кетпейт.
+3
Bikosh2015
2020-11-26 12:19:05
Марадонна жакшы киши болчу. Биздин тренер эле. Мен Аргентинада жургондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан