Бүгүн, 26-ноябрь күнү түндө Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өттү. Анда 4 тайпадагы 16 команда ойноду.
"А" тайпасы "Атлетико Мадрид" (Испания) - "Локомотив (Орусия) (0:0);
"Бавария" (Германия) - "Ред Булл Зальцбург" (Австрия) (3:1);
Голдор: Роберт Левандовский (42-м), Кингсли Коман (52-м), Лерой Сане (68-м), Мергим Бериша (73-м).
"В" тайпасы: "Интер" (Италия) - "Реал Мадрид" (Испания) (0:2);
Голдор: Эден Азар (7-м), Ашраф Хакими (59-м, өзүнүн дарбазасына).
"Боруссия Менхенгладбах" (Германия) - "Шахтёр" (Украина) (4:0);
Голдор: Ларс Штиндль (17-м), Нико Эльведи (34-м), Брель Эмболо (45-м), Оскар Вендт (77-м).
"С" тайпасы: "Марсель" (Франция) - "Порту" (Португалия) (0:2);
Голдор: Зайду Сануси (39-м), Мигел Оливейра (72-м).
"Олимпиакос" (Греция) - "Манчестер Сити" (Англия) (0:1);
Голдор: Фил Фоден (36-м).
"D" тайпасы: "Аякс" (Нидерланды) - "Митьюлланд" (Дания) (3:1);
Голдор: Райан Гравенберх (47-м), Нуссаир Маззрауи (49-м), Давид Нерес (66-м), Авер Мобил (80-м).
"Ливерпуль" (Англия) - "Аталанта" (Италия) (0:2);
Голдор: Йосип Иличич (60-м), Робин Госенс (64-м).
Мюнхендик "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский "Ред Булл Зальцбург" командасына 1 гол киргизип, Чемпиондор Лигасынын тарыхында 71-голун жаратып, "Реал Мадрид" клубунуну мурунку оюнчусу Раульга жетип келди.
Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы бомбардирлеринин тизмесинде лидер болуп 131 голу менен "Ювентустун" чабуулчусур Киштиану Роналду турса, экинчи орунду 118 голу менен "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси ээлеп келүүдө.