Депутат Орозова ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилерин таап келип, жоопкерчиликке тартуу керек экендигин айтты

Депутат Карамат Орозова октябрь окуяларында ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери ишин таштап, качып кеткенин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аларга эмне үчүн чара көрүлбөй жатат? Жоопкерчилигин караш керекпиз. Булар оозеки команда беришет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жөн жерден кылмыш иши токулган. Бир жарым жылдан бери кылмышты далилдей алышпайт. Далилденбеген соң, ал үй камагына чыгып, соту өтө бериш керек. Октябрь окуясында бир адам каза болуп, бир канча адам жабыркады. Бул окуялар боюнча тийиштүү адамдарга жаза колдонбосок, мындай окуялар кайталана берет. Алар жооп бербесе тергөөчүлөр жооп береби?" - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2020-11-26 11:45:36
Жеенбековдор качан суралат
+1
Baatirbek81
2020-11-26 17:04:26
Отунбайева дагы бир олтуруп чыгыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан