"Колу менен киргизген гол. Баңгизатка берилген өмүр..." Диего Марадонанын өмүр таржымалы, белгилүү жана белгисиз фактылар

Бала чагы, футболдук карьерасынын башталышы жана Европага карай жол

Диего Армандо Марадона 1960-жылы Аргентинанын эң жакыр провинцияларынын бири болгон Ланус шаарында туулган. Атасы тегирменчи, апасы үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Бала чагында жакырчылыктын азабын көп тарткан Диего 13 жашынан баштап иштей баштаган. Анын алгачкы кесиби зыяндуу курт-кумурскаларды уулоо болгон. Күн сайын таңкы саат 7де ойгонуп, мектепке барганга чейин иштеп, алгачкы айлыгына апасын пиццерияга алып барган.

"Кечки тамак учурунда апам көбүнчө "ичим ооруп жатат" деп тамак жебей туруп кетер эле. 30 жашка чыкканда гана бизди жесин деп апам тамактан баш тартып жүргөнүн түшүндүм. Ата-энем "Айды алып бер" дешсе аны аткаруу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Бирок мен алып берген Ай алардын мага кылган эмгеги менен салыштырганда түккө да татыбай калмак", - деп эскерет Марадона.

8 жашында "Архентинос Хуниорс" клубунун системасындагы командалардын оюнчусу өзүнөн 2 жаш улуу Каррисо аттуу бала менен достошуп калат. Өз кезегинде Каррисо команданын машыктуруучусу менен тааныштырып, Диегону командага алууга үндөйт. Машыктыруучу 8 жашар Марадонанын оюнун көргөндө алгач анын жашына ишенбей карлик деп ойлогон. Кийин гана 8 жашта экенине ынанганда аны өзүнө алып, 14 жашка чейинки балдардан түзүлгөн "Лос Себольитас" командасын түптөгөн.

Келечектеги футбол легендасы Диего Марадона алгачкы профессионалдык оюнун 1976-жылы 20-октябрда 16 жашында өткөргөн. "Архентинос Хуниорс" клубунун негизги командасынын катарында алмашууга чыгып, 10 мүнөт беттеш өткөргөнүнө карабай күйөрмандардын, басма сөз каражаттарынын алкоосуна арзыган. 1980-жылы Аргентинанын эң күчтүү клубдарынын бири болгон "Бока Хуниорс" командасына өткөн. 2 жыл ичинде аталган команданын жылдызына жана лидерине айланган Марадона 1982-жылы "Барселона" клубу менен келишим түзүп, Европаны көздөй аттанган. Ал испан клубунда да 2 жыл ойноп, бул аралыкта Испания Кубогун, Испания Лигасынын Кубогун жана Суперкубогун жеңген. Андан ары Италияга аттанып, "Наполи" клубун алгачкы жолу өлкө чемпиондугун жеңип алууга жетелеген. Мындан сырткары "Севилья", "Ньюэллс Олд Бойз" клубдарында ойногонго жетишип, карьерасын 1997-жылы "Бока Хуниорс" командасында жыйынтыктаган.

Футболчу Аргентина курама командасынын катарында 1980-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңип алса, 1990-жылы дүйнөнүн вице-чемпиону аталган.

Неаполь шаарынын баатыры

Марадона ойногон клубдардын ичинен Италиядагы Неаполь шаарынын "Наполи" командасын баса белгилеп кетүүгө болот. Анткени аталган клуб Италиянын орто заар клубдарынын бири болчу. Дүйнөлүк атак-даңкка жетип турган Марадонаны Европанын эң күчтүү клубдары катарына кошуп алуу үчүн кандай гана сумма болбосун төлөөгө даяр эле. Футболчу маектеринде "Наполиге" өтүшүнүн себебин мындайча түшүндүргөн:

"Мен Италиянын түштүгүндөгү кедей клубдардын түндүктөгү акчалуу клубдарга каршы колдоно турган куралы болгум келет. Мен Неаполдун жакыр балдарына үлгү болгум келет. Анткени бир кезде мен дагы Буэнос-Айресте кедей турмушту баштан өткөргөм".

Чындыгында футбол жылдызы "Наполиге" өткөн жылы Италиянын түндүгүндөгү акчалуу клубдар менен түштүктөгү чөнтөгү жука клубдар атаандаша алышпайт эле. Бирок Марадона бул системаны талкалап, "Наполини" дээрлик жалгыз өзү 2 жолу чемпиондукка жеткирген. Аталган клуб Диего келгенге чейин бир да жолу өлкө чемпиондугун жеңе алган эмес жана ал кеткенден бүгүнкү күнгө чейин алтын медалга ээ боло элек.

Пеле же Марадона?

Бразилиялык футболчу Пеле менен аргентиналык Диего Марадона өткөн кылымдын эң легендарлуу футболчулары экендиги талашсыз. Анткен менен футбол сүйүүчүлөрүнүн арасында кимиси эң мыкты экендиги көп талаш-тартыштарга жем таштайт. Марадона ар дайым өзүн мыкты деп атап келет:

"Апам мени ар дайым сен мыктысың деп айтып келет. А мен апама каяша айтпайм" деп билдирген маектеринин биринде.

Чет элдик басылмалар жүргүзгөн сурамжылоолордо көпчүлүк учурда "экөө тең мыкты" деген футбол сүйүүчүлөрдүн жоопторунун басымдуулук кылышы бул суроого так жооп алууга мүмкүн эмес экендигинен кабар берет.

Колу менен гол киргизип Англияны Дүйнө чемпиондугунан четтеткен

1986-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Англия жана Аргентина курама командалары кез келишкен. Беттештин 51-мүнөтүндө футбол тарыхындагы эң белгилүү "алдамчылык" орун алган. Марадона Англиянын дарбазасына колу менен гол киргизгенин стадиондогу 114 миң көрүүчү, талаадагы 22 оюнчу көрүп, жалгыз гана беттештин калысы көрбөй калган. Жыйынтыгында бул гол жеңиш алып келген Аргентина финалга чейин жетип, Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Ал беттешти футбол жылдызы төмөндөгүчө эскерет:

"Гол болгонуна жадакалса менин командалаштарым дагы ишенишкен жок. Мен аларга "чуркап келип мени кучактап майрамдагыла, болбосо голду жокко чыгарып салышат" деп кыйкырдым. Ошондо гана биздин футболчулар нес абалдан чыгып, мен жакка чуркап келишти".

Андан бери 30 жылдан ашса да англиялык футболчулар менен күйөрмандар бул окуяны кайгыруу менен эскеришет. Ал эми Диего кылган кадамы үчүн өкүнгөнүн эч качан айткан эмес. "Мен Англияга дагы бир жолу гол киргизүүнү каалайм. Болгону бул ирет оң колум менен" деп билдирген ал мындан 1 ай мурда.

Кеминде 8 баланын атасы

"Менин мыйзамдуу төрөлгөн кыздарым Далма менен Жанинна гана. Калганынын баары менин байлыгымдын жана каталарымдын жыйынтыгы" деген Марадона кийинчерээк дагы 5 баланын атасы экендигин моюнуна алууга аргасыз болгон.

1993-жылы сот ошол кезде 7 жаштагы Диего Жуниорду Марадонанын уулу экендигин тастыктап, ага алимент төлөп берүүнү милдеттендирген. Бирок футболчу мындай чечимден баш тартып, Жуниор уулу экенин моюнуна алган эмес. Бул окуяга Рим папасы дагы аралашып, 7 жаштагы Жуниор Марадонага куюп койгондой окшош экенин айткан. Ушундан кийин гана футбол жылдызы соттун чечимине моюн сунган.

1996-жылы Хана аттуу кызы төрөлгөн. Бул жолу да Марадона соттук териштирүүлөр аркылуу гана аталыгын моюнуна алып, алимент төлөөгө макул болгон.

2013-жылы Вероника Охеда аттуу сүйүктүүсү Диего Фернандо аттуу уул төрөп берген. Бул ирет соттук териштирүүлөргө муктаждык жаралган эмес.

Калган 3 баласы менен 2016-жылы Кубада таанышкан. Марадона бул өлкөдө 2003-2005-жылдары дарыланган.

Диего Марадонанын уулу же кызы экенин жар салган башка да адамдар бар. Бирок алардын сегизи гана балдары экенин футболчу моюнуна алган. Футболчунун кызы Жанинна "дагы 3 бир туугандуу болсок футбол командасын түзөбүз" деп тамашалаган жайы бар.

"Баңгизат колдонуу менен мен атаандаштардын мага жетип алуусун каалагам"

1991-жылдын 17-мартында Марадона кезектеги оюндан кийин тест тапшырып, анын канынан баңги заты табылган. Жыйынтыгында ал 15 айга футболдон четтетилип, "Наполиден" кетүүгө аргасыз болгон. Футболчунун өзүнүн айтуусуна караганда ал кокаинди "Барселонада" ойноп жүргөндө эле татып көргөн.

"Алгач шок болдум. Андан кийин айлананын баары жарык болуп, бардык нерселер кызыктуу көрүнүп, көңүлүмду көтөрүп жатты. Бирок мындай абал көпкө созулган жок. Бул сезимдерди кайрадан сезүү үчүн баңгизатты кайра-кайра татып көрүүнү эңсеп жүрдүм. Аягында кантип токтотууну билбей калдым", - деп эскерген Марадона.

Футболчунун жакындарынын айтымында, Марадона "Барселонадан" кетерде баңгизатынан азма-аз кабары бар киши болсо, "Наполиден" кетерде дасыккан баңгиге айланган.

2017-жылы берген маегинде Марадона 14 жылдан бери бир да жолу баңгизат колдоно электигин айтып, мындай жаман адатынан толугу менен айыккандыгын билдирген.

"Күнү-түнү Кудайга жалбарып жатышып, кыздарым мени сактап калышты. Алардын үнүн угуп жашоого кайтышым керек экенимди сездим. Мен алардын жардамысыз эч качан кыйынчылыктарды жеңе алмак эмесмин. Элестетип көргүлө, баңгизатсыз мен дагы кандай бийиктиктерди багынта алмакмын? Баңгизат колдонуу менен атаандаштардын мага жетип алуусун каалагам", - деп билдирген Диего Марадона.

Неаполь жана Буэнос-Айрес шаарлары кайгыга бөлөндү

Диего Марадона Неаполь шаарында 7 гана жыл жашаса да жергиликтүү калк аны аргентиналыктардан кем эмес баалашат. Анткени Марадона алып келген чемпиондук неаполдуктардын эсинде кечээ күнкүдөй сакталуу. Футбол легендасы туулуп-өскөн Буэнос-Айрес жана ал 7 жылын арнаган Неаполь шаарлары бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде кайгырып жатканын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан