"Мен сени күттүм, күттүм ай" деп "сыздаган" ырчы Джонни үйлөнүү тоюна даярданууда (фото)

Ырчы Джонни сүйүктүүсү Айжан Нурланбековага баш кошуу алдында турат. Мындай кубанычы менен ырчы SUPER.KG порталына бөлүштү.

"Тойго кызуу даярданып жатабыз. 29-ноябрь күнү кыз узатуу болот, ал эми үлпөт той 2-декабрга белгиленип, тойканалардын биринде өтөт.

Өзгөчө үйдөгүлөрдүн бардыгы сүйүнүп, кубанып, толкундануу менен даярданып жатышат. Той болсо эл катары эле кадимки форматта өтөт.

Менде өзгөчө жакшы сезимдер болуп, толкунданып турам. Айжан экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө туура 2 жылдын жүзү болду. Негизи той сентябрь айында болмок, бирок карантинге байланыштуу тойканалар жабылып, жылдырган элек. Эми карантин деп, жаап салбаса экен деп үмүттөнөбүз (күлүп). Негизи кышында үйлөнөм деп ойлогон эмесмин. Дайыма жайында же жазында болот деп кыялданчумун. Эми буйрук экен, ар бир мезгилдин керемети бар - деген тилек менен камылга көрүп жатабыз.

Келинчегим Айжан Жалал-Абад облусунан болот. Негизи Бишкекте төрөлүп, бул жакта чоңойгон. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу болгондуктан, алардын эң биринчи жакшылыгы болуп, бизден өтүп толкунданып жатышат", - деп билдирди ырчы Джонни.

Англис тилин 2-расмий тил кылуу сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibek1204
2020-11-26 18:27:25
Бактылуу болгула
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан