Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири аргентиналык футболчу Диего Марадонанын өмүрүнүн акыркы сааттары жөнүндө маалыматтарды чет элдик спорттук басылмалар жарыялады.
Ага ылайык, Марадона 25-ноябрь күнү эртең менен эле өңү кубарып ойгонгон. Ал аба ырайы суук болуп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген жана эртең мененки тамагын ичкен. Андан кийин ал төшөгүнө кайтып келип "Мен өзүмдү жаман сезип атам", - деп айткан.
Мындан улам, Марадонаны караган медайым токтоосуз "Тез жардам" кызматын чакырган. Келген дарыгерлер легендарлуу футболчуну куткарып кала алган эмес. Марадона 25-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 чамасында каза болгон.