"Дааратканага чыккан бойдон дайынсыз". Баткенде 6 балалуу аял 3 күндөн бери изделүүдө

23-ноябрдан бери Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Баткен ОИИБинин кызматкерлери аталган жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап кайрылышкан.

Кечээ, 25-ноябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми бүгүн, 26-ноябрь күнү да издөө иштери улантылууда.

Арзуу аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жеринде издөө иштерине катышып, өз баракчасына түз берүү алып көрсөтүүдө. Ага ылайык, 45 жаштагы Мактым Кожонованы куткаруучу кызматкерлер атайын үйрөтүлгөн иттер менен издеп жатышат.

Видеодо аталган жаранга таандык кийимдерди иттерге улам жыттатып, анын жардамы менен иттер андан ары издөө иштерин улантып жаткандыгын көрүүгө болот.

Аталган түз алып көрсөтүүдө өзүн кайнисимин деп тааныштырган Улукбек Рахманов буга чейин үйдө уруш-талаш деле болбогондугун билдирди.

"Эгерде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, биз билмекпиз да. Бизге саат 9да телефон чалып, жеңең барган жокпу деп сурашты. Анан эле жеңебиздин туугандарына чалып издеп баштадык. Кошуналар тийиштүү бардык жерден сурап, табылбагандан кийин анан милицияга кайрылдык. Ошондо эле иттер менен келип издөө иштерин башташкан. Балдары ыйлап отурат табылып калса экен", - дейт ал.

Ал эми түз эфирге чыккан колдонуучу мындан "3 күн мурун Мактым Кожонова кызын ээрчитип эшикке чыккан, кызы телефондун жарыгын күйгүзүп карап турган. Бир маалда эле кайра карап апасын таппай калган. Жарык менен айлананы карап, "апа" деп кыйкырып кала берген. Андан соң кошунаныкына кетти деген ойдо күтүшкөн. Бирок кайтып келген эмес" деп эфирде айтып берген.

Маалыматка ылайык, Мактым Кожонованын 6 баласы бар.

Өзүн Бакыт деп тааныштырган айылдашы бүгүн, 26-ноябрда Тажикстандын чек арасына чейин барып издегендерин айтып, буларга токтолгон.

"4 машина менен коңшу айылдарга чейин издедик. Кийин дагы балдар кошулуп атып, 6 машина менен Тажикстандын чек арасына чейин карадык. Айылдашым карапайым жакшы киши эле, өзү 5 убак намаз окуган киши, үйдө эч кандай чыр-чатактар болчу эмес. 5 кыз, 1 баласы бар. Божомолубуз дагы калган жок. Дрондор менен издедик, коңшу айылдан да келип жардам берип жатышат", - деп айтып берди ал.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Баткен ОИИБине кайрылганда "аял 23-ноябрь күнү кечинде кызы менен дааратканага чыгып, андан соң кызын кире бер деп айтып, өзү дайынсыз болгон. Бул үй-бүлө ичпеген, чекпеген жакшы жашаган үй-бүлө экендиги маалым болду", - деп айтты маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asefsa
2020-11-26 16:51:49
Табылып калса экен, балдарынын бактысына эсен соо
+29
NURSAPAR
2020-11-26 19:13:15
Табылып калсын ылайым.
+7
allia
2020-11-26 20:39:23
Дааратканага түшүп кетпегенби?
+11
Alixan-Nookat.2015
2020-11-26 23:10:25
Аман эсен табылып калсын.
+5
Beshikjon.
2020-11-27 00:50:28
Таң калыштуу окуя го,аман эсен табылып калса экен эми.
+3
Jibakana
2020-11-27 01:03:25
Может кызы Бир нерсе билет, может айтпай жатат?
+1
Isikkolumkeremet
2020-11-27 09:06:21
Анан эмне кайып болуп кеттиби.же инопланетяниндер алып кеттиби.олтуруп комуп салгандан сообу куйоосу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан