Биздин максат: ден соолук жана сулуулук
Кыймылды баштайбыз: тамактануу жана спорт
Алмагүл: Жеке денеге жана салмакка байланышкан кандай гана жумуш болбосун, тамактануунун модификациясы катары түшүнүлөт. Мында да орточо эсептөөлөргө кайрылууга туура келет, мисалы, Харрис-Бенедиктин же Кэтч-МакАрдлдын формулалары. Интернетте көптөгөн онлайн-эсептегичтер бар, алар сиздин базалык көрсөткүчтөрүңүздү эсепке алуу менен сизге керектүү калорийдин божомолдуу нормасын көрсөтөт. Эгер арыктагыңыз келсе, көрсөтүлгөн сандан 10-15% алып салыңыз. Бирок, калорийлер “алсыз” жана “бай” болуп бөлүнүшөт, андыктан, биринчи орунга сиздин канча жей тургандыгыңыз эмес, ал тарелкада эмнелер бар экендиги ортого чыгат. Организм толук кандуу жашоо үчүн тамактын кичирейтилген өлчөмүнөн бардык керектүүлөрүн алууда, ал тамак белоктор, майлар жана көмүртктер менен бирдей ченемде даярдалышы зарыл. Ага кошуп витаминдер менен минералдарды да унутпашыбыз керек. Демек, тамактануунун жекече планын иштеп чыгуу керек, ал болсо, сиздин каалооңузду жана максатыңызды, физикалык мүмкүнчүлүктөрүңүздү жана жекече өзгөчөлүктөрүңүздү эске алышы шарт.
Жекече тамактанууңузда күндүн биринчи жарымында, кечки тамактанууга караганда белоктор көбүрөөк болушу зарыл. Же болбосо, эртең мененки тамакка, быштак, жумуртка, кайнатылган эт тандасаңыз болот. Ага дан нанды же ошондой эле дандан жасалган ботко кошсоңуз болот. Түшкү тамакта сиздин рациондо жер жемиштер, эт, балык, оливка же зыгыр майы сыяктуу өсүмдүк майлары, акталган таруу, буурчак болушу керек. Десертке – бир канча кесим күңүрт шоколад жарайт. Ал эми кечки тамакка балык, тоок этин, жемиштер жана башка жеңил тамак менен тамактанса болот. Арада айран, жаңгак, жаңы мөмө-жемиш жана кургатылган жемиштер менен тамактануу ыңгайлуу. Бирок, көлөм жогорулап кетпеши үчүн, калорийлердин санын эстен чыгарбаш керек. Мына ушул ар түрдүүлүктө адашып же өзүңүздү жоготуп албашыңыз үчүн, мен күнүнө бир же эки жолу тамактанууну функционалдык тамактануу менен алмаштырууга кеңеш берет элем. Бул керектүү жана пайдалуу элементтер менен байытылган, жүз пайыз белоктор, майлар жана көмүртектер менен теңдештирилген жана бир аз калорийдеги “салмакка” ээ азыктар. Мисалга, Herbalife Nutrition'дон Райкан кошулган томат шорпосу – салттуу түшкү тамакка жакшынакай алмаштыргыч. Энергетикалык баалуулугу – 104 ккал, а аны даярдоо үчүн суу жана бир канча мүнөт гана керектелет. Мындай түшкү тамакты жумуш ордуңузга же спортзалга да алып барсаңыз ыңгайлуу болот. Бир сөз менен айтканда, бул туура тамактанууну каалап, бирок, ага убактысы жок болгондор үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Мындай сорподогу белоктун жетиштүү экендигинен, ал кечки тамакка чейин сизди ток кармаганы маанилүү.
Александр: Чың жана сулуу денени тартипке келтирүү үчүн алмаштырылгыс каражат – бул, албетте, спорт жана физикалык активдүүлүк. Сизге арыктоо үчүн аэробикалык жүктөмдөр керектелет: бий, чуркоо, сууда сүзүү, секириктер, велосипед тебүү ж.б.у.с. Мындай машыгуулар ашыкча салмактан арылуу гана эмес, жүрөктү бекемдөөгө, кант диабетинин жана кандагы холестириндин деңгээлин түшүрүүгө жардам берет. Үйдө жасала турган эң жөнөкөй көнүгүүлөр: эгерде көчөдө суук жана баткак болсо, секиргичте секирүү, турган жерде чуркоо. Ага карабастан, таза абада чуркоо – күн бою эң сонун маанай тартуулаган жана сергектиктикти сездирген сыйкырдуу каражат болуп эсептелет. Ал эми кечээ жакында эле окумуштуулар 30 мүнөттүк орточо темп менен чуркоодо мээнин активдүүлүгү арта тургандыгын тастыкташты. Сиз жаңы маалыматтарды өздөштүрүп жана тапшырмаларды дагы жакшы чечишиңиз мүмкүн. Бул демек, сымбаттуу денеге бонус катары кабыл алгандык. Чуркоо сизге жакпайбы, демек, жөн эле сейилдеңиз жана жөө басканга аракеттениңиз.
Качан ашыкча салмактан арылгандан кийин, рельеф жана форма менен алектене баштасаңыз болот. Мына ошондо күч керектелген машыгууларга өткөнүңүз туура болот. Туурасы – залда тренажерлер менен, бирок, үйдө деле жыйынтыктар андан кем калышпайт. Сизге жаккан программаны табыңыз же кесипкөй машыктыруучудан өзүңүз үчүн көнүгүүлөрдүн комплексин түзүүнү сураныңыз! Дисциплинаны сактоо үчүн убакытты белгилеңиз, сиз качан спорт менен алектенесиңиз жана белгиленген графиктен чыкпаңыз.
Ден-соолук үчүн сизге зыян келтирбеген жыйынтыктарга жетишүү үчүн мен сизге функционалдык тамактанууга өтүшүңүздү сунуштаймын. Бирок, кесипкөй спортсмендер жана машыгуу залдарынын фанаттары үчүн коктейлдер жана батончиктер - эң жогорку чек деген туура эмес пикир түзүлүп калган. Эч кандай андай болушу мүмкүн эмес! Керек болсо, сиз спорт менен машыкпасаңыз деле, функционалдык тамактануу сизге өзүңүздүн дениңиздин сак жана сергек болушун сезгенге мүмкүнчүлүк берет. Андан дагы анын курамында эч кандай “коркунучтуу химия” жок. Мени, узак убакыттан бери функционалдык азыктар менен тааныш катары, бул маселе, жумшак сүйлөсөм, өтө таң калтырат. Бирок, бул суроону мага бүгүнкү күнгө чейин тез-тез берип келишет. Herbalife Nutrition компаниясынын протеин коктейлдери соя белокторунун негизинде даярдалган. Анын курамы жаныбарлардын белоктору менен окшош, бирок. Жеңил сиңирилет, витаминдерге бай, мисалга, эттеги холестирин сыяктуу, анда пайдасыз элементтер жокко эсе. Даяр болгон азык көптөгөн көз карандысыз сертификациялардан өтөт, анан дагы анын сатууга чыгарылганы анын толук коопсуз экендигинен кабар берет. А мен болсо, көптөгөн жылдар бою өз көзүм менен анын пайдасын гана көрүп келе жатамын.
Жыйынтыктарды бекемдейбиз: пайдалуубу – демек, ыңгайлуу жана жайлуу
Александр: Эгерде биз, спорт менен машыгуу адатын бекемдөө тууралуу айтып жатсак, анда ал мотивацияны жөнүндө. Менден ар дайым ал жөнүндө сурашат. Мен физикалык активдүүлүк канаатанууну алып келет деп эсептеймин. Анда сиз өзүңүздү өзүңүз кыстай албайсыз. “Өздүк” спортуңудү издеңиз – бардык түрү менен машыгып көрүңүз: тынч йога жана пилатестен баштап аскердик искусствого чейин. Сиз сөзсүз өзүңүзүкүн табасыз жана ага тартыласыз! Топтогу көнүгүүлөр жакпайбы – чуркаңыз же жөө жүрүңүз. Лифти колдонбоңуз, тепкич боюнча жогору чыгып, ылдый түшүү – буттун булчуңдары жана жамбаш үчүн эң мыкты машыгуу.
#herbalife #herbalifenutrition #herbalifekyrgyzstan #сенбилесиң #сенжасайаласың #дсж #пп #мотивация