Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетти. Ал чет өлкөдө бир топ убакытка чейин жашай турганын интернет колдонуучулар жазып чыгышкан. Бул боюнча ырчынын менеджери Адиль Урдиновго байланышканыбызда, Мирбек мырзанын АКШга кеткенин тастыктады.
“Ооба, Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетти. Чыгармачыл адамга деле эс алуу керек. Бир аз убакытка эс алып келет. Буюрса, Жаңы жылдан кийин кайра келип, чыгармачылыгын улантат”, - деди ал.