"Жүрөгүбүздөсүң!". "Сени өмүр бою сагынабыз, Диего!". Дүйнөлүк футбол жылдыздары Марадона менен коштошуп жатышат (топтомдор)

Кечээ, 25-ноябрда футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болгон аргентиналык футболчу Диего Марадонанын жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калып каза болгон. Мындан улам дүйнөлүк футбол жылдыздары легендарлуу футболчу менен коштошуу сөздөрүн өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазышууда.

Аргентина Футбол федерациясы футболчуну легенда деп атады: “Легендабыз Диего Армандо Марадонанын өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Марадона ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайт".

Лионель Месси: “Бардык аргентиналыктар жана футбол үчүн абдан кайгылуу күн. Ал бизди калтырып кетти, бирок кетпейт. Анткени Диего түбөлүктүү. Мен аны менен болгон бардык сонун учурларды эстейм жана үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтам. Жаткан жериң жайлуу болсун".

Криштиану Роналду: "Бүгүн мен жакын адамым менен, дүйнө түбөлүктүү гений менен коштошту. Тарыхтагы эң мыктылардын бири. Ал өтө эрте кетти. Диего эч ким толтура албаган чексиз боштукту калтырды. Тынч жат, Диего. Эч качан унутпайбыз".

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес Марадонанын өлкөнүн тарыхына кошкон салымы жөнүндө эскерди: “Сен бизди дүйнөнүн чокусуна көтөрүп, чексиз бактылуу кылдың. Сен баарынан улуусуң. Рахмат, Диего. Биз сени өмүр бою сагынабыз".

Хавьер Маскерано: “Диего, сен бизге берген ар бир нерсең үчүн сага түбөлүк ыраазы болобуз! Сен ушуга татыктуусуң".

Златан Ибрагимович: “Марадона өлгөн жок, ал өлбөс. Дүйнөгө тарыхтагы эң таланттуу футболчу берилген. Ал түбөлүк жашайт".

"Ювентус" клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кыскача гана коштошуу сөзүн жазды: "Футбол падышасы бизди таштап кетти. Бардыгы үчүн рахмат, Диего".

Мындан тышкары, көптөгөн футболчулар, UFC мушкерлери жана дүйнөгө белгилүү жылдыздар Марадона менен коштошуу сөздөрүн жазышууда.

Диего Марадона тууралуу кызыктуу фактылар, өмүр таржымалы тууралуу билгиңиз келсе, ссылка аркылуу өтүп окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tiken
2020-11-27 00:19:36
Жаш кезиндеги кээ бир суротторуно Азамат Байматов окшошуп кетет экен или мне так кажется... Бейишин берсин!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан