"Көрдүм, билдим деген бир жан жок". Баткенде 6 балалуу аялдын сырдуу жоголушу тууралуу тууганы айтып берди

Баткенде 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонованын кошунасы жана тууганы Исабек Максутов издөө иштери кандай болуп жаткандыгын SUPER.KG порталына айтып берди.

Анын билдиришинче, Исабек Максутовго дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонованын күйөөсү, алар суракка барып келгенден кийин 2 күн уктабай чыкканын айткан.

"Бул үй-бүлө менин тууганым да, коңшум да болот. Жакында эле 11-класста окуган кызын турмушка берген. Угушум боюнча милиция кызматкерлери үйүнө келип, кызын турмушка берүүсү тууралуу тийиштүү суроолорун берип кетишиптир. Тууганым башка кошунабызга "милициядан келишти, эми кандай болот болду экен деп айтыптыр" бирок милиция кызматкерлери жакшы маанайда эле келип кетиптир. Биздин үйлөр удаа эле жайгашкан. Түнкү саат 12лерде аялдын кайнилери келип, эшикти такылдатып силердикине келген жокпу?- деп сурашкан. Биз анын дайынсыз болуп жатканын ошондо билдик. Үй-бүлөсү тууралуу айтсам, ызы-чууга аралашпаган орто жашаган үй-бүлө. Буга чейин урушуп-талашкандарын деле такыр көргөн эмеспиз. Тууганымдын 6 баласы бар", - дейт ал.

Исабек Максутовдун айтымында, дайынсыз болгон аялды көрдүм, билдим деген бир жан жок.

"Айылда издөө иштери жүрүп жатат. Жалпы Баткен шаарынан каалоочулар келип массалык түрдө жалпы издеп жатабыз. Айылда тоо этектеринен тарта, Тажикстандын чек арасына чейин барып издедик. Азыр айылда ар кандай версиялар айтылып жатат. Бардыгыбыз тууганыбыздын аман-эсен табылышын тилеп жатабыз", - деп билдирди Максутов.

Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган.

25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми бүгүн 27-ноябрда Мактым Кожонова 20-ноябрда тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткенде 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аялдын тууганы издөө иштери тууралуу айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rola
2020-11-27 18:40:52
Аман-эсен эле табылып калсын.Тооба кылдык.
+9
mariolan
2020-11-28 11:33:51
даараткананын карадыңарбы, түшүп кетпесин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан