Чүй облустук Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Токмок шаарынан баңгизатты таратууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. 29-сентябрь күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Бишкек-Торугарт унаажолунда Honda Avancier үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүү учурунда ичинен 6 килограмм 920 грамм баңгизат чыкты. Учурда унаанын 47 жаштагы айдоочусу С.А. менен 33 жаштагы М.А. аттуу жүргүнчү көрсөтмө берүүдө.