Конституциянын жаңы долбоорунда орус тилинин макамы тууралуу норма өзгөрүлбөгөнү айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев билдирди.
"Орус тили расмий тил боюнча калды. Ооба буга чейин мындай сунуштар айтылган. Биз бул норманы өзгөрткөн жокпуз. Кеңешменин мүчөлөрүнүн бардыгы бирдей, сунуштарды берсе болот", - деди ал.
Кечээ, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экендигин айтты. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгиледи.