Кыргыз сотунун түптөлүшүнө 96 жыл толду

Кыргыз сотунун түптөлүшүнө 2020-жылдын ноябрь айында 96 жыл толду. Кыргыз сотунун ишмердиги башталган расмий дата катары 1924-жылдын 30-ноябры болуп эсептелет.

Кыргыз сотунун тарыхы:

Анткени дал ушул жылы кыргыз элинин биринчи улуттук автономиясы – Кара-Кыргыз автоном облусу жаралып, алгачкы облустук уюм-мекемелер, анын ичинде облустук сот да түзүлө баштаган. Алгачкы облустук соттун төрагасы — Лев Авербург болгон. Облустук соттун курамына пленум, президиум жана кылмыш, жарандык, тартип иштерин кароочу коллегиялар кирген. Кыргыз АССРинин кайра түзүлгөн Башкы сотунун төрагалыгына Иманбек Текеев шайланган. 1930-жылдын сентябрында Кыргызстандын аймагы 24 административдик районго бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарында элдик соттун 2 участкасы уюштурулган. Судьяларды саясий жактан репрессиялоо ырааттуу мүнөздө жүргүзүлгөн. Адилет сот ишинин эң эле чынчыл жана өз ишин так аткарган кызматкерлери репрессиянын курмандыктары болушкан. Согуштун алгачкы жылдарында Кыргыз өлкөсүндө эл сотторунун 76 участкасы, 5 облустук сот жана Жогорку Сот иш жүргүзгөн. 1960-жылы өлкөнүн сот түзүлүшү жөнүндөгү өз мыйзамы кабыл алынып, ал тарабынан кыргыз сотунун кесиптик ишмердигинин негизги принциптери тастыкталган.

Эгемендикке ээ болгондон кийин сот өндүрүшүндө, сот түзүлүшүндө процесстик жана материалдык мыйзам жаатында орчундуу өзгөрүүлөр орун алды.

2018-жылдан баштап кыргыз сотунда санариптештирүү процесси жүргүзүлө баштады. Эки жыл аралыгында сот системасын санариптештирүү иштери колго алынып, автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирди. Иштерди автоматтык бөлүштүрүү, сот залдарындагы аудио жана видео жаздыруу системалары орнотулду. Адилет үйлөрүн куруу, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.

Маалымат Жогорку Соттун басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Кыргыз сотунун негизделишине 96 жыл толду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан