
Мурдагы башкы прокурор
Аида Салянованын иниси
Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталып жаткан жарандарга сот бүгүн, 27-ноябрда чечим чыгарды.
Өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарды. Анда айыпталуучу Эрмек Осмонкулов 18 жыл 2 айга ал эми Асанэмир Абыкулов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Чыккан өкүмгө макул эместигин Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына түз эфирге чыгып айтууда.
"Бишкек шаардык сотуна биз кайра кайрылабыз. Соттолгон адамдар мындай буйрукту ким бергенин айтышкан жок. Алар негизи өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Бирок эми алар эртерээк абактан чыкканга аракет кылышат. Булар буйрукту берген адамды айтуу же ошол окуяга эч кандай кызыкчылыктары да жок. Булардын негизги максаты абактан тез чыгуу", - деди Салянова.
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар
атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкектен, Абыкулов менен Насруллаев Орусиядан кармалган.