2018-жылы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону аталган белгилүү балбан Акжол Махмудов Сербияда өтө турган Дүйнө Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"2020-жылга карта окуу-машыгуу жыйындардын календардык планына ылайык, ошондой эле спорттук күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна даярдык көрүү максатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Жыйын 18-ноябрда старт алып, 5-декабрда аяктайт.
Спортчулардын тизмеси:
1. Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 килограмм;
2. Нурмухамед Абдулаев, 55 килограмм;
3. Сардар Конушбаев, 55 килограмм;
4. Калы Сулайманов, 60 килограмм;
5. Жоломан Шаршенбеков, 60 килограмм;
6. Дастан Кадыров, 60 килограмм;
7. Талас Канжарбек, 60 килограмм;
8. Тынар Шаршенбеков, 63 килограмм;
9. Марлен Асыкеев, 67 килограмм;
10. Халмурат Ибрагимов, 67 килограмм;
11. Нуржигит Кенешбек уулу, 67 килограмм;
12. Амантур Исмаилов, 67 килограмм;
13. Кайрат Түгөлбаев, 77 килограмм;
14. Ринат Ильяс уулу, 77 килограмм;
15. Акжол Махмудов, 77 килограмм;
16. Руслан Царев, 77 килограмм;
17. Бексултан Назарбаев, 77 килограмм;
18. Акылбек Талантбеков, 77 килограмм;
19. Атабек Азисбеков, 87 килограмм;
20. Азат Салидинов, 87 килограмм;
21. Мелис Айтбеков, 87 килограмм;
22. Калидин Асыкеев, 87 килограмм;
23. Үзүр Жузупбеков, 97 килограмм;
24. Бексултан Махмудов, 97 килограмм;
25. Данияр Шеримбеков, 97 килограмм;
26. Нурманбет Раималы уулу, 97 килограмм;
27. Мурат Рамонов, 130 килограмм;
28. Роман Ким, 130 килограмм;
29. Арсен Эралиев, ага машыктыруучу;
30. Улукбек Карачолоков, ага машыктыруучу;
31. Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу;
32. Нуршида Иминова, доктур.
Курама команданын мүчөлөрүнүн окуу-машыгуу жыйыны спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө Кубогу 2020-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.