Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 96-орунду сактап калды. Бул тууралуу ФИФА уюмунун сайтына жарыяланды.
Бул рейтинг мурдагы рейтингден дээрлик айырмаланбайт. Учурда "Ак шумкарлардын карамагында 1 миң 240 упай бар. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз курама командасы 16-орунда турат.
ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бельгия (1780 упай) командасы жайгашса, Франция (1755 упай) курамасы экинчи орунга жана Бразилия курамасы (1743 упай) үчүнчү орунга жайгашты.