Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна кызуу даярданып жатат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Дүйнө кубогуна катышуу үчүн даярданып башташты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 12-декбардан 18-декабрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

"Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу максатында балбан кыздар 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында машыгуу өткөрүшөт", - деп билдиришти агенттиктен.

Команданын курамы:

Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы – 62 кг;

Айпери Медет кызы - 76 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг;

Нураида Анаркулова – 57 кг;

Назира Марсбек кызы – 59 кг;

Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан