Бишкек шаарында унаасынын каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып жүргөн айдоочу кармалды



Милициянын кайгуул кызматы алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып алган айдоочуну кармады. 28-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Датка жана Линейная көчөлөрүнүн кесилишинен "Nissan Maxima" үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда 1998-жылы туулган Т. А. аттуу айдоочу алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуга Кыргыз республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык протокол толтурулганын кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:18
2021-01-25
17:29
2021-01-25
17:19
2021-01-25
16:36
2021-01-25
16:34
2021-01-25
16:28
2021-01-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.