UFC уюму менен келишим түзүү үчүн орусиялык мушкер айым 240 килограмм эркекти нокаутка учуратты (видео)

MMA боюнча орусиялык мушкер айым Дарина Маздюк MMA уюмунун негизинде уюштурулган "Биздин иштер" поп лиганын алкагында 240 килограмм болгон Григорий Чистяковду нокаутка жыкты.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эле Маздюк Чистяковду нокаутка учуратты. Муну менен 28 жаштагы Дарина Маздюк карьерасындагы төртүнчү жеңишине ээ болуп (бир жеңилүү), карьерасында UFC уюмунун курун уткусу келерин айтты.

"Менин көп жылдардан берки максатым бул - UFCнин чемпиондук курун утуу. Эми биздин максат АКШ визасын алуу жана документтерди жөнөтүү. Машыктыруучубуз экөөбүз АКШга барууда эч кандай кыйынчылыктар жок экендигин далилдешибиз керек. Андан кийин биз UFC уюму менен келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштайбыз", - деген 62 килограмм болгон Маздюк берген маегинде.

Ал эми нокаут менен утулган Григорий Чистяков сергек жашоо образын жүргүзүп, жигердүү машыгууну баштоого убада берген.

UFC уюмуна катышуу үчүн мушкер айым 240 килограмм болгон эркекти нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pankration_MMA
2020-11-29 23:25:14
Бул жөн эле маскарапоздордун боюго. Калпэле жеңилип бериптирда!
+12
TIMON_BERKOWITZ
2020-11-30 00:15:31
Договорной бойлор кобойду го..
+11
Umar.
2020-11-30 02:42:07
Постанова, уюштурулган баары
+6
Kona8631
2020-11-30 07:48:34
Чё за фантастический бой ..уялып Кеттим мен жасалмадан
+3
Merch
2020-11-30 08:12:08
Маздюк
+3
Danysh1
2020-11-30 08:45:58
Атайын өзү жыгылып берген туурбайбы э
+2
allia
2020-11-30 09:28:17
Бул кыз биздин Пуля менен көрбөптүрда...
+2
aerforce
2020-11-30 11:37:53
Орус ойундагысын кылат деп бекер айтпайтда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан