Кечээ, 29-ноябрда Англия Премьер-Лигасынын (АПЛ) 10-турдук оюнунда лондондук "Арсенал" өз үйүндө "Вулверхэмптон" командасын кабыл алды.
Оюндун 5-мүнөтүндө бурчтан чыгарып берүүдө чабуулчу Рауль Хименес "Арсеналдын" коргоочусу Давид Луиз менен сүзүшүп, эс учун жоготту. Ал оюнду уланта албай анын ордуна португалиялык футболчу Фабиу Силва алмашууга чыкты.
Оюн 1:2 эсебинде "Вулверхэмптон" командасынын жеңиши менен аяктады.
Ушул сезондо Хименес "Вулверхэмптон" командасында жалпы 10 оюн өткөрүп, 4 гол киргизген.