Саясатчы Бектур Асанов ачкачылыкты токтотконун жарыялады. Бул тууралуу ал кечээ, 29-ноябрда брифинг учурунда билдирди.
Ал саясаттагы досторунун өтүнүчү менен бул чечимди кабыл алганын айтты. 27-ноябрда Бектур Асанов ачкачылык жарыялаган. Буга сот иштеринин жылып жатканы себеп болгонун билдирди. 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку Сотто кайра каралбай, 10-декабрга жылып калганына нааразычылыгын айткан. Анын айтымында, бул Асановду президенттик шайлоого катыштырбоо максатында жасалып жатат.