UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына америкалык мушкер Дастин Порье менен боло турчу беттештин алдындагы машыгуу учурундагы сүрөтүн жарыялады.
"155 эми алар чуркашат" деп жазды Макгрегор.
155 фунт - бул 70,3 килограмм болуп, UFC уюмунда жеңил салмак категориясына туура келет.
Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши "UFC 257" турниринин алкагында 23-январда өтөт.