"Чай үстүндө". Садыр Жапаров менен Садык Шер-Нияздын жолугушкандагы сүрөтү тарады

Садыр Жапаров менен Садык Шер-Нияз жолугушкан учурдагы сүрөт жарыяланды. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарга тарады.

"Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров менен резиденцияда, чай үстүндө жолуктум. Саясатчылар менен маданиятчылардын жолугушуусу болду десем болот. Бул жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өттү. Мен өзүмдүн позициямды билдирдим. Ал киши менин позициямды түшүнгөнгө аракет кылды", - деп айтты Садык Шер-Нияз социалдык тармакта түз эфирде.

Ошону менен катар эле президенттик шайлоого аттануудан баш тарта турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан