Конституциялык кеңешмеде Жогорку Кеңешти курултай же улут жыйыны деп атоо сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов айтты.
"Жогорку Кеңеш деген сөздүн өзү эскирди. Парламенттин ысымын башкача атайлы" деди ал.
Ошону менен катар эле Байсалов оптимация, депутаттардын санын 35ке кыскартуу боюнча сунуштар эл бийлигине кол салуу экенин айтты.