"Өлкөнүн рекорддору жаңыланды". Сууда сүзүү боюнча Кыргыз курамасы ачык Өзбекстан Кубогунда 11 медаль утту

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Өзбекстандын ачык Кубогунда 11 медаль (3 алтын, 5 күмүш жана 3 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан мелдешке Кыргыз өлкөсү, Чехия жана Өзбекстандан 300 сууда сүзүүчү катышкан. Ал эми турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 6 спортчу катышты.

Кыргыз спортчулардын жыйынтыктары:

Денис Петрашов - 50 метр аралыкка брасс стилинде алтын;

100 метр аралыкка брасс стилинде алтын;

200 метр аралыкка брасс стилинде коло.

Елизавета Рогожникова - 200 метр аралыкка арты менен сүзүүдө алтын;

100 метр аралыкка аркада сүзүүдө күмүш;

50 метр аралыкка аркада сүзүүдө күмүш (Кыргыз өлкөсүнүн рекорду);

200 метр аралыкка комлексте сүзүүдө күмүш;

50 метр аралыкка эркин стилде сүзүүдө коло.

Рамазан Омаров - 1500 метр аралыкка эркин сүзүүдө күмүш медаль;

800 метр аралыкка эркин сүзүүдө күмүш (Кыргыз өлкөсүнүн рекорду).

Тенгиз Тюбеев - 1500 метр аралыкка эркин сүзүүдө коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bayern-munchen
2020-11-30 13:22:14
денис петрашов жакшы сузот молодцы калгандарына дагы ийгилик
+2
Alinur96kg
2020-11-30 16:41:36
Супер инфо силерден чон сураныч,ушундай олкобузду жакшы жагы менен тааныткан,мамлекетибиздин намысын коргогондор тууралуу кобурок жазгылачы.Каяктагы ырчы-'чырчы"ларды чыгара бербей.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан