Ташиев ооруканадан чыкты, Садыр Жапаров менен Садык Шер-Нияз чай үстүндө жолугушса, Бектур Асанов ачкачылыгын токтотту. Күн ичиндеги саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 30-ноябрь, быйылкы жылдын күз мезгилинин акыркы күнү. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. Анткени SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди. Муну анын кабылдамасынан дагы тастыкташты. Бирок жумушка чыкканы же чыкпаганы азырынча белгисиз. Өткөн аптада Камчыбек Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Социалдык тармактын колдонуучулары анын оорусу олуттуу экенин кабарлап жатышкан. УКМКнын төрагасы абалы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Урматтуу кыргыз калкы, эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, рахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем, менин өмүрүм Кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек", - дейт Ташиев.
Буга чейин жай айларында ал пневмония илдети менен ооруп, айыгып чыккан.
Жогорку Кеңештин атын өзгөртүү сунушталды
Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны өттү. Анда кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин атын өзгөртүүнү сунуштады.
"Жогорку Кеңеш деген сөздүн өзү эскирди. Парламенттин ысымын башкача атайлы. Курултай же улут жыйыны деп атоо керек" деди ал.
26-ноябрда өткөн жыйында дагы Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин атын өзгөртүүнү сунуштаган эле.
1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.
Бектур Асанов досторунун өтүнүчү менен ачкачылыгын токтотту
27-ноябрда Бектур Асанов ачкачылык жарыялаган. Буга сот иштеринин жылып жатканы себеп болгонун билдирди. 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку Сотто кайра каралбай, 10-декабрга жылып калганына нааразычылыгын айткан. Анын айтымында, бул Асановду президенттик шайлоого катыштырбоо максатында жасалып жатат. Ал саясаттагы досторунун өтүнүчү менен кечээ, 29-ноябрь күнү ачкачылыгын токтотту.
2016-жылы бир нече саясатчылар "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган. Алардын катарында Бектур Асанов дагы болгон. Алар 12 жылдан 20 жылга чейин кесилишкен. Жогорку Сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, Асановдун жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Жаңы кодекстерге ылайык жаза мөөнөтү дагы кыскарып, Асанов эркиндикке чыккан.
Ал 2-ноябрда президенттикке аттануу үчүн БШКга арыз менен кайрылган. Кийин аталган комиссия Асановдун соттолгондугу жоюлбагандыктан документтерин кайтарып берген.
Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Садыр Жапаровдун акыркы маегин сындаган, конституциялык реформаларга каршы чыгып жаткан Садык Шер-Нияз президенттик жарыштан чыкканын жар салды.
"Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров менен резиденцияда, чай үстүндө жолуктум. Саясатчылар менен маданиятчылардын жолугушуусу болду десем болот. Бул жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өттү. Мен өзүмдүн позициямды билдирдим. Ал киши менин позициямды түшүнгөнгө аракет кылды. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим. Билим, маданият тармагында көп нерселерди биргеликте алып барганга боло турганына көзүм жетти", - деди ал.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан