"Кут" курулуш компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар Рустам Иманалиев менен Айзатка батир белек кылды

"Кут" курулуш компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырай кызына батир белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган компаниянын өкүлү кабарлады.

Өкүлдүн айтымында, батирдин документтери анын ээлерине бүгүн тапшырылган.

"Кут" компаниясы буга чейин 3 батирди интернет аркылуу ойнотуп, жеңүүчүлөргө тапшырган. Бүгүн дагы 3 батирди жеңүүчүлөргө ыйгардык. Алардын бири турак жайды утуп алса, калган 2 батирди конкурстан сырткары муктаж үй-бүлөлөргө белек кылууну туура көрдүк", - деди компаниянын өкүлү.

Ал эми Айзат компания тарабынан үй берилерин 2 күн мурун угуп ишенбегенин, бүгүн гана документтерди колго алгандан кийин батирлүү болгонуна ынанганын билдирди.

"2 күн мурда "Кут" компаниясынан чалышып, "сиздердин үй-бүлөгө батир белек кылалы деп жатабыз, документтериңизди жибериңиз" дешти. Абдан кубандык, толкундандык, бирок толук ишене албай жүрдүк. Бүгүн компанияга чакырып, документтер колубузга тапшырылганда гана ишендик. "Кут" компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Жолдошум экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок", - деди Айзат Мамырай кызы.

"Кут" курулуш компаниясы 1 жарым жылдан бери иштеп келет. Буга чейин 1 көп кабаттуу үй курулуп, ишке берилсе, учурда дагы 5 көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Компания жыл аягына чейин дагы бир 3 бөлмөлүү, ал эми 2021-жылы 10 батир ойнотот.

"Кут" курулуш компаниясы тууралуу кеңири маалымат бул шилтемеде.


кошулду
"Кут" компаниясы муктаж үй-бүлөлөргө батир белек кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан