Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Алимардон Шүкүров канттык "Абдыш-Ата" клубу менен келишим түзүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 21 жаштагы Алимардон Шүкүров учурда Кант шаарында. Ал клубдун базасына машыгууга барып жатканы белгилүү болду. Шүкүров декабрь, январь айларында канттык клубу менен келишим түзүп калышы толук мүмкүн.
Шүкүров буга чейин Түркиянын 1-дивизионундагы "Болуспор" командасында ойноп келген. Алимардон Шүкүров канттык клубдун тарбиялануучусу.