20 жыл күтүп бала жытын искеген аял эне болгондогу сезимдерин айтты (видео)

Ар бир турмушка чыккан аялзаты бала жытын жыттагысы келет. Ал бакыт кимдир бирөөгө эрте келсе, кимдир бирөөгө күттүрүп кеч келет. Бүгүнкү каарманыбыз 47 жаштагы Айша Атабаева. Ал 20 жыл зарыгып күтүп, 42 жашында ЭКО жолу менен бала жытын искеген.

Алгач ал балалуу болуу үчүн Бишкек шаарындагы клиникалардын биринде ЭКО жасатып, ал ийгиликсиз болгонун айтат. "Балалуу болуу үчүн баарына даяр болчубуз"- деген Атабаева көп оор сыноолорго туруштук берип, такыр артка чегинген эмес. Жети жолу аракет жасап, жетинчи жолкусунда гана сүйүнүчтүү кабар уккан каарманыбыз, кейиштүү күндөрүнөн баштап азыркы бала жытын жыттап, бактылуу болгон учуруна чейин айтып берди . Каарманыбыздын айткандарын толугу менен видеодон көрүңүз, окурман.

20 жыл күтүп бала жытын искеген аял эне болгондогу сезимдерин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sumaya
2020-12-01 00:12:18
Ар бир аялзатына эне болуу бактысы насип этсин...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан