Эркин күрөш боюнча Сербияда өтө турчу Дүйнө Кубогуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан кимдер катышат?(тизме)

2020-жылдын окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, ошондой эле эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү "Изабек" спорт комплексинде (Бишкек шаары) окуу-машыгуу жыйын өтүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын 2020-жылдын 22-ноябрында башталып, 13-декабрына чейин уланат.

Курама команданын мүчөлөрүнүн тизмеси:

1. Сманбеков Алмаз, салмактык категориясы – 57 кг;
2. Жумашбек уулу Тайырбек, 57 кг;
3. Мырзаназар уулу Бекболот, 57 кг;
4. Хажимурадов Икром, 61 кг;
5. Жолдошбеков Улукбек, 61 кг;
6. Акматалиев Эрназар, 65 кг;
7. Осмонов Алибек, 65 кг;
8. Токтогул уулу Айбек, 65 кг;
9. Сыргак уулу Мансур, 70 кг;
10. Орозбеков Исламбек, 70 кг;
11. Усупов Саякбай, 74 кг;
12. Анарбеков Адилет, 74 кг;
13. Жамбулов Бекжан, 74 кг;
14. Такиров Алинур, 74 кг;
15. Изабеков Атай, 79 кг;
16. Карыпбаев Нуртилек, 86 кг;
17. Чыныбеков Мирлан, 86 кг;
18. Керимкулов Чынгыз, 92 кг;
19. Сулайманов Сымбат, 97 кг;
20. Нурдавлетов Кунай, 125 кг;
21. Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу;
22. Таабалды уулу Сүймөнкул, улук машыктыруучу;
23. Кыдыев Улукбек, массажист.

Курама команданын мүчөлөрүнүн окуу-машыгуу жыйыны спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнө Кубогу 2020-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asan.toluktuk
2020-12-01 13:44:49
Акжол Махмудов барбай калдыбы
-1
Азат Бейшенбеков
2020-12-01 14:13:36
asan.toluktuk,Саламатсызбы? Ал күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан