Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов АФКнын Аткаруучу комитетинин жыйынына катышты

25-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 2019-2023-жылкы чакырылышындагы Аткаруучу комитетинин алтынчы жыйыны онлайн режимде өттү. Аталган жыйынга Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Азия футбол конфедерациясынын Аткаруучу комитети АФКнын өнүктүрүү программасы жана COVID-19 пандемия убагындагы коммерциялык макулдашуулар боюнча жаңы маалыматтарды алды. Ошондой эле атайын комитеттердин конфедерацияны өнүктүрүүгө багытталган сунуштарын укту.

АФК президенти Шейх Салман АФК 2021-2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын жана бардык мелдештерди өткөрүү жумуштарын улантарын белгиледи.

Аткаруучу комитетинин чечими менен АФКнын 31-Конгресси 2021-жылдын октябрь айына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан