Кувейттик адис футбол боюнча жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Кувейттик адис Абдулла Альмутаири футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасынын (U-17) башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитетинин жыйынында бекитилгенин футболдук союздун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы дайындалган адистин резюмеси:

Абдулла Альмутаири, 38 жашта.

Машыктыруучулук лицензиялары:

АФКнын машыктыруучулук "С" лицензиясы, Кувейт 2012-жыл;

АФКнын машыктыруучулук "B" лицензиясы, Кувейт 2014-жыл;

АФКнын машыктыруучулук "A" лицензиясы, Кувейт 2019-жыл;

АФКнын машыктыруучулук "PRO" лицензиясы, Кувейт 2020-жыл;

АФКнын инструкторлук курсу, Катар 2020-жыл;

Эмгек ишмердиги:

2011-2014 – "Казма", «Тадхамон», "Аль-Шахаб" жана "Аль-Кадсия" (U-15) командаларынын машыктыруучусу, Кувейт;

2015-2016 – "Радва" командасынын башкы машыктыруучусу, Сауд Аравиясы;

2016 – "Кария" командасынын башкы машыктыруучусу, Сауд Аравиясы;

2017 – Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасы (U-16);

Араб жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан