Кыргыз футболдук союзунун жаңы логотиби боюнча чечим кабыл алынды

30-ноябрда Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитети КФСтин жаңы логотиби боюнча чечим кабыл алды.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын март айында Кыргыз футболдук союзу уюмдун жаңы логотибине ачык сынак жарыя кылган. Аталган сынакка коомчулук активдүү катышып, 200дөн ашык катышуучу өздөрүнүн жумуштарын жиберишкен. Сынактын шарты боюнча КФСтин миссиясын жана максаттарын чагылдырган беш катышуучу финалга чыкты.

Жаңы логотипти кабыл алуу өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына байланыштуу кийинкиге калтырылып жатты.

Жаңы логотипке пандемия убагында кошумча чыгымдар кетет, ошондой эле күйөрмандар арасындагы социалдык сурамжылоодо көпчүлүк логотипти өзгөртүүнү колдошкон эмес. Учурдагы "шумкар" логотибин талдоодо аталган логотип биздин өлкөдө гана эмес, чет өлкөдө да таанымал экендиги талашсыз. Муну менен Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитети логотипке кичине гана өзгөртүү киргизип, эмблеманын негизи өзгөртүүсүз калып, КФСтин англис тилиндеги аббревиатурасы гана кошулат.

Сынактын сыйлык фонду беш финалчылардын ортосунда бөлүштүрүлөт, ошондой эле эстелик белектер тапшырылат. Кыргыз футболдук союзу сынакка активдүү катышып, чыгармачылык менен эмгектерин жасаган бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан