Бишкек шаарын жолбун иттерден тазалоо боюнча маселе каралып жатканы айтылды

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берди.

Анда Түлөбаевге: "Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү сейил бакты селсаяктар менен жолбун иттер мекендеп алды. Ал жакты оңдоп берсеңиз жакшы болот эле" деген суроо узатылды.

"Бишкекте жолбун иттер боюнча маселе көп. Аларды тазалоо жолдорун ойлонуп жатабыз. Классикалык жол бар. Ал тууралуу айтсам дагы көп адамдар мага каршы чыгат болуш керек. Андыктан мындай жолдон акырындан кетип жатабыз. Экинчиси, селсаяктар боюнча, бизди аларды алып бара турган "Коломто" кайрымдуулук үйүнөн башка жер жок. Учурда арабиялык фонддор менен сүйлөшүп, шаарда үй жайсыз адамдар үчүн 300 кишилик борбор ачууга даярданып жатабыз. Борбор 2-3 жылдын ичинде курулуп калышы мүмкүн", - деп жооп берди Балбак Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2020-12-01 18:18:47
Ак Ордо 3 конушунда жолбун иттер көп атып жоготсо жакшы болот эле
0
Raihan0602
2020-12-01 19:18:51
Бишкекте эле эмес ар бир шаарларда иттер көбөйгөн чара көрүлүп тазаланса жакшы болоор эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан