"Коронавирус пандемиясы жакын арада бүтпөйт" дейт адис

Коронавирус пандемиясы жакынкы айларда токтойт деп күтүүнүн кажети жок. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйновичтин билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Коронавирус пандемиясы бир нече айда бүтө калчу нерсе эмес. Бирок аны жеңүүгө аракет кылышыбыз керек. Коронавирус башка вирустар сыяктуу эч кайда кетпей турганына адамдардын көзү жетип, ага көнө баштаганда гана пандемия соңуна чыгат", - деп билдирген адис.

Вуйнович иммунитеттин деңгээли жетиштүү болгондо гана пандемиянын мизи кайта турганын божомолдогон. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун вакцинасы жакын арада даяр болуп каларына үмүт артып жатканын кошумчалаган.

Ал аталган вирус менен жашоого көнүү зарылдыгына токтолуп, бирок ага баш ийбей күрөшүү керектигин белгилеген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Oma.kg.kg
2020-12-01 23:14:01
К.....м жептир
0
Akoga
2020-12-01 23:22:12
Токтойт түп ордү менен жоголот. 3 айда.
0
Shekeev969798
2020-12-02 14:25:09
Оозуна кара таш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан