12-13-декабрь күндөрү Талас шаарындагы "Газпром" комплексинде 2007-2010-жылы төрөлгөн балдар арасында "Сейтек" аталышындагы грек-рим күрөшү боюнча I республикалык командалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мелдеш грек-рим күрөшүн популяризациялоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жети облустун командалар арасында ынтымакты бекемдөө, ошондой эле эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргой турган мыкты спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат.
Бул мелдеш UWW уюму тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык командалык эсепте жана 10 салмактык категорияда 8 команданын катышуусу менен өтөт: 2 команда мелдеш өтүп жаткан облустан, 6 облустан бирден команда.
Бул мелдешти биринчи жолу өткөрүү идеясы грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медалынын ээси, студенттер арасындагы эки жолку Дүйнө чемпиону жана Ислам оюндарынын чемпиону Каныбек Жолчубековго таандык.
Белгилей кетсек, "Манас", "Семетей", "Сейтек" аталыштагы мелдеш жыл сайын республиканын аймактарында өтмө катары ар түрдүү жаш куракта өтөт:
• «Сейтек» мелдеши – 10-13 жаштагы спортчулар арасында;
• «Семетей» мелдеши – 14-17 жаштагы спортчулар арасында;
• «Манас» мелдеши – 17-20 жаштагы спортчулар арасында.