2-декабрга карата доллардын сомго болгон курсу

Бүгүн, 2-декабрь саат 10:30га карата АКШ долларынын улуттук валютага карата баасы 84 сом 75 тыйынды түздү.

Ага ылайык, коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 84 сом 50 тыйындан 84 сом 75 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 84 сом 90 тыйынды түздү.

Акча алмаштыруу жайларында дагы доллар 84 сом 90 тыйынга чейин көрсөтүлгөн.

Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 84 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 24-ноябрда сомдун курсуна ички экономикалык абал таасирин тийгизип жатканын айткан. Доллардын курсунун өсүшү өлкө рыногундагы азык-түлүккө, күйүүчү майга жана айрым тейлөө кызматтарына болгон баанын жогорулашына алып келди.

Улуттук банк ноябрь ичинде 11 жолу интервенция жасап ички рынокко 84 миллион 750 миң доллар сатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан