MEGA24 тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпай туруп эле дарыгерге онлайн жазылууга шарт түзүлдү

Бүгүн, 2-декабрда электрондук медицина боюнча “Альфа Телеком” (товардык белгиси MegaCom) ЖАКтын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Бул иш-чарага “Альфа Телеком” ЖАКтын коммерциялык директору Бакытбек Өмүракунов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев, аталган министрликтин алдындагы электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бактыяр Станбеков, MegaCom компаниясынын коммерциялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча башкы адиси Урмат Мамбетказиев катышты.

Урмат Мамбетказиев “Онлайн-жазылуу” кызматын колдонуу жана анын ыңгайлуулугу тууралуу айтып берди. “Эми дарыгерге жазылуу үчүн кезекте туруп убакыт кетирүүнүн кажети жок. MegaCom компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте “Онлайн-жазылуу” кызматын ишке киргизип, MEGA24 тиркемеси аркылуу дарыгерлерге акысыз, онлайн-жазылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мунун шарттары кандай? Бул үчүн MEGA24 тиркемесин жүктөп алып, тиркемедеги “дарыгерге жазылуу” порталына кирип, ИНН жана телефон номерин киргизип, каалаган дарыгерди жана ыңгайлуу убакытты тандап, “жазылуу” баскычын басуу керек” деп аткарылуучу иш-аракеттердин тизмегин түшүндүрө кетти.

“Ар бир бейтап бейтапканага кирген учурда алгач регистратурага кайрылып, тиешелүү дарыгерге жазылат эмеспи. Жарандардын дарыгерлерге аралыктан жазылуусун камсыздоо максатында бул кызматты ишке киргизгенбиз. Дарыгерге жазылууну оңойлотуу үчүн бардык аракеттер жумшалат”, − деди өз сөзүндө Бакыт Жангазиев.

Бактыяр Станбеков бул система үйдөн чыкпастан эле кезекке туруу максатында иштелип чыккандыгын белгилей кетти жана буларга токтолду: “2019-жылы декабрь айында электрондук кезекке туруу системасы ар бир баштапкы медицина борборлорунда ишке киргизилген. Айыл жергесине маалымат жеткирүү кыйынчылык жарата тургандыгы бышык. Бул жаатта MegaCom менен тыгыз иш алып баруудабыз".

Бакытбек Өмүракунов MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчиликтүү мекеме катары демилгелерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экендигин баса белгиледи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан